Текст песни
Ырдаймын күн кирерде уясына
Кызыл нурдуу айланага суктана
Жан дүйнөм шаңданып кубанат
Курчаган дүйнө өзгөрсө
Байкабастан айтылган сөздөр
Терең санаага салат
Айтылган жылуу сөздөр
Кош канат сымал учурат
Мында жан дүйнөмдү эч ким оорута албайт
Жүрөгүмдү азаптар салбайт
Жан дүйнөм алоолонуп,
Умтуламын.
Үстүмдөгү кара булуттар таркап
Үмүттүн шооласы жанат
Сыдырым жел беттен сылап
Жан дүйнөмдү алып учат
Байкабастан айтылган сөздөр
Терең санаага салат
Айтылган жылуу сөздөр
Кош канат сымал учурат
Мында жан дүйнөмдү эч ким оорута албайт
Жүрөгүмдү азаптар салбайт
Жан дүйнөм алоолонуп,
Умтуламын.
Жан дүйнөмдү каптап алды.
Күн оттой алоолонуп,
Айлананы жарыкка бөлөгөндөй
Жан дүйнөмдү каптап алды.