Обложка трека Чытырман токой — FREEMAN 996
3:07

FREEMAN 996 Чытырман токой

Сингл · 2026

Скачать

Текст песни

Жашоо чытырман токойдой
Жырткычтарың аңылоодо жүрүшөт
Алдыда бир гана сыноолор
Алар менен келем күндө күрөшүп

Сагындым сыймалуу тоолоруңду
Түшүндүм баркыңды жүрүп алыста
Башымда бүтпөгөн суроолорум
Кайрадан такалам кур намыска

Апаке, аз калды — жакында барамын
Көрүнбөй кетсем да, угулбай кабарым
Чырмашкан боолордун чечимин табамын
Чалынам кайрадан, турам күч аламын

Абалым ар кандай
Бирде дайнымды таппай каламын
Жеңил ооруна көнүп калгандай
Бөтөн жерине, бөтөн калаанын

Туулган жерим көздөн учат
Өзүңө жетпей кусаланамын
Убакыт токтобой сызып учат
Кайрылып Кудайдан суранамын

Мага күч-кубат бер
Баарын жеңип чыгайын
Көздөгөнгө жеткенимде
Сага шүгүр кылайын

Бербесе бүгүн
Кечирек берет
Ниетим таза, жүрөгүм тирүү
Башкысы — ишениш керек

Жашоо чытырман токойдой
Жырткычтарың аңылоодо жүрүшөт
Алдыда бир гана сыноолор
Алар менен келем күндө күрөшүп

Өткөнү өттү
Билбегениңди үйрөттү
Ылдамдатты, күүлөнттү
Соолутту, кайра гүлдөттү

Бирөө тыйынга зар
Бирөөнүн байлыгы — ден соолук
Жашоо кадимки чоң базар
Биринде артык, биринде кем болот

Адамды оңдой албайсың
Аракет кылба үйрөтүп миң жолу
Жүрөктү алдай албайсың
Алдай албайсың — дейм дозум

Жашоо чытырман токойдой
Жырткычтарың аңылоодо жүрүшөт
Алдыда бир гана сыноолор
Алар менен келем күндө күрөшүп

Жашоо чытырман токойдой
Жырткычтарың аңылоодо жүрүшөт
Алдыда бир гана сыноолор
Алар менен келем күндө күрөшүп

0:00 0:00