Текст песни
Сагынганда бир күнү
Кайра келет деп күтпө
Андай күндөр жанымды
Аймалашып жеп бүткөн
Сагынды деп ойлобо
Сагынбадым бул ирет
Демек каптап муз сезим
Көңүл калды ким билет
Убакыт дарылаган жок көндүрдү
Көнүп калдым өзүңсүз
Бары жогуң билинбейт
Сени сүйгөн жүрөгүм
Жаным дебей тигил дейт
Көнүп калдым өзүңсүз
Бары жогуң билинбейт
Жерге бергем сүйүүмдү
Эми кайра тирилбейт
Азыр бары жогуң билинбейт
Көзүбүз сүйүшүп көрүшпөсө
Жүрөктөр сүйүүнү бөлүшпөсө
Жепженил жашоону кыйындатып
Не кылам ыркыбыз келишпесе
Табылар менден бөлөгү сага
Табылар сенден бөлөгү мага
Айыгар жүрөктөрдөгү жара
Өзүңсүз учам байладым канат
Убакыт дарылаган жок көндүрдү
Көнүп калдым өзүңсүз
Бары жогуң билинбейт
Сени сүйгөн жүрөгүм
Жаным дебей тигил дейт
Көнүп калдым өзүңсүз
Бары жогуң билинбейт
Жерге бергем сүйүүмдү
Эми кайра тирилбейт
Азыр бары жогуң билинбейт
Азыр бары жогуң билинбейт