Перейти к содержимому
Обложка трека AKYM BAR — KAi-TEGIN, Emir AGA-INI
2:40

Трек

KAi-TEGIN, Emir AGA-INI AKYM BAR

Сингл · 2023 · Хип-хоп

Скачать

Текст песни

Эркиндиктин кулу болом башкасына байланбайм
Өрдөктөргө көңүл бурбайм этке тойгон тайгандай
Мергенчимин Кожожаштай, элим үчүн ок атам
Ат мингендей бит үстүндө ээрдин кашын карманбайм
Чаптыр, жетем десең чаптыр
Өз ойумду эркин айтам ага толук акым бар
Эркин сөз деп жанын кыйган канча улуу акындар
Жеңди түрүп күрөшөмүн менин да бар канымда
Кайнап турган мезгил келди тарых болсун тараза
Кесип ал башымды жакпаса сөзүм
Баштаган жолумду тандагам өзүм
Андыктан жооп берем баарына сөзсүз (айт)
Саптарда катылган сырларын болсо жашырбай ачыгын айт
Буттан чалынган турса, сөздөн чалынган туралбайт
Сөздүн күчү күч экенин сезип билген жаңылбайт
Эркиндигим музыкада бироо жарым кыя албайт
Сиңип калган сыядай, өз ойумдан буралбайт
Акыйкаттын сөзүн айтам эч ким менин тыялбайт.
Азыр ук тууганым ананкыга калтырба
Түрү сууктарга эркиндикти алдырба (эч качан)
Бүгүн барбыз эртең жок,
Жалган жашоодо адашпа-жаңылба
Алсыз кезде сен тилди кеспе
Элдин кулагына илбе кесме
Жаман ойлоруңда, бийлик колуңда
Бирок биздин ишеним
Баарына сабырдуу болууда
Жакшы жака өзгөрүш бар
Эркин сөзгө элибиз зар
Көрбөй, билбей калат деп кылбай эле кой
Билесиң дайым ким кабардар
Бирди алдым, жардым деген эмне?
Бир күн келер оңолосуң пенде
Кандай десем да кабыл алгын
Башын бурда сен адашкан малдын.
Садыр Жапаров
Мен рэпте Садыр Жапаров
Билбейм кантсем сага жетет
Калдың трек менен тет а тет терметет
Биз эч кимге көз каранды
Болбосун күндөр караңгы
Айланып да кең ааламды
Таппайсың жердей Кыргызстанды
Болбойбуз биз көз каранды
Болбостур түндөр караңгы
Унутпастан жети атаңды
Алгалай бер кыргыз эл

0:00 0:00