Обложка трека Visa — Бегиш, Eazy
3:02

Бегиш, Eazy Visa

Сингл · 2021

Скачать

Текст песни

Менин жүрөгүмдү визасы жок ээледин сен
Жарымын эмес толук бүтүн бойдон беремин мен
Жанашып жүрөмүн түбөлүккө дайым жарап керегине
Бактыма жазган Жараткандын берген ыйык белеги сен
Келчи келчи болчу мага менчик
Берчи берчи мага махабат кенчин
Эрчип Эрчип жүрчү десем эрчи
Сезчи Сезчи сүйүү,кыйнап эзбечи

Температура болуп чыгам сензиз
Концерт бергендей болом элсиз
Суук тийип калат мага желсиз
Айыгып кетчү даарым сенсиң


Баарыбир визасы жок
Визасы жок визасы жок Сен
Ээледин жүрөгүмдү түбүндөгү жалгыз тамырын
Баары бир визасы жок,визасы жок визасы жок мен
Ээледим жүрөгүңдүн түбүндөгү жалгыз тамырын

Визам жок жүрөгүнө кирем
Мыйзамсыз басып алам ээлеп
Өмүр бою ламбада бийлеп
Үйүндөн уурдап кетем
Кечир бактылуу кыламын
Берчи макулдук ынанып
Сенсиз чыбыктай сынамын
Кой бербей карма бекем
Кумарым болуп калдын өзүң
Куладым буттан көрбөй көзүм
Кулагым муктаж жылуу сөзүнө
Сүйөм деп айтчы деги
Ырларды жаздым токтобой түнү
Оорусам дагы мен бүтүп үнүм
Ырдап берейин сен үчүн бүгүн
Сүйүүмдүн болбойт чеги

Температура болуп чыгам сензиз
Концерт бергендей болом элсиз
Суук тийип калат мага желсиз
Айыгып кетчү даарым сенсиң

0:00 0:00