Перейти к содержимому
Обложка трека Jashagym kelet — Бегиш
3:20

Трек

Бегиш Jashagym kelet

Сингл · 2022 · Хип-хоп

Скачать

Текст песни

Жашагым келет жашагым
Эгер өтпөсө жаштары
Күбө болушуп каштарым
Калат көзүмдөн жаш агып
Жашагым келет жашагым
Көрбөсөм жашын апамын
Өлбөсө адам баласы
Бир ушуга мен капамын
Согуш болот, согуш бүтөт
Канча адам кыйналат?
Жер көчкүдө калган сымал
Жер астында кыйралат
Адам уруп-согуп, майып кылып, коркутуп эмес
Адам жардам берип
мээрим төгүп сыйланат
Жердин боору суук, терең катат
Карды тойбойт
Жер үстүндө жүргөндөрдү
Жалгыз адам ойлойт
Жараткандын түз жолунан буруп бизди азгырып
Арам кылып бул жашоону
Жалгыз шайтан ойнойт
Көрүп туруп көрбөдүм деп басып алыс кетпейли
Көр болобуз бир күнү биз досум ага жетпейли
Бир жакадан баш чыгарып бир жеңден кол деп айткан
Манас ата урпактары бекем сактап эстейли
Убакыт бул зымыраган кооз кушка тең дейт
Убакытты миң кубалаган дагы ага жетпейт
Убагында сыйлай жүрсөк эгер керемет болоор
Убалына калбайбы биз билсең убал тепсейт
Жашагым келет жашагым
Эгер өтпөсө жаштары
Күбө болушуп каштарым
Калат көзүмдөн жаш агып
Жашагым келет жашагым
Көрбөсөм жашын апамын
Өлбөсө адам баласы
Бир ушуга мен капамын
Болсун жер астында алтын
Жер үстүндө калкым
Тескери болгондон тартып
Азап артат жалпы
Кез келип унутулууда ата-баба салты
Эскертүү катары жаздым мен ушундай сапты
Жакпайт билем эч бир жанга аябаган өлүм
Ыйлап-ыйлап калат экенбиз жаш агызып төгүп
Эркектин кайратын кара кабырына көмүп
Аял заты деле калат убак өтсө көнүп
Кемибесин эч бир жамаат кемибесин уул-кыз
Кемибесин эч бир улут, кемибесин кыргыз
Түбөлүкмүн деп ойлобо түбөлүк бир Аллах
Жада калса өчкөн Чынгыз, өчөт экен жылдыз
Күндүн нуру жарык тийип турса кандай сонун?
Гүлдүн жыты жыпар чыгып турса болбой соңу
Доллар эмес, бриллиант эмес экен, эмес сомуң
Тынчтык экен жакшылыктын эң эле бир чоңу
Жашагым келет жашагым
Эгер өтпөсө жаштары
Күбө болушуп каштарым
Калат көзүмдөн жаш агып
Жашагым келет жашагым
Көрбөсөм жашын апамын
Өлбөсө адам баласы
Бир ушуга мен капамын

0:00 0:00