Обложка трека Бөлүнбөгүн Элим — Улукбек
3:44

Улукбек Бөлүнбөгүн Элим

Сингл · 2020

Скачать

Текст песни

Мен да сенин жараның болом
Мен да сенин кулунуң болом
Бөлүнбөгүн элим
Билемин жеңил эмес төмөнкү жылдарың
эл байкап эл көрүп баарын туят
Үмүттүн чеги жок өчпөгөн шам болуп түбөлүк жалпыга бирдей эй тийип турат
Чыдамкай эмгектен качпаган кыргыз журтум
Көңүлүн оорутпай калың журт күлүп турсун
Кимдир бирөөнүн баласы чет элде бир күкүм нан үчүн өмүр сүрөт
Кул кылып иштетип жерине зар кылып эзилген эт жүрөк куурап жүрөт
Кем болбой элимен тең жашайын деп тилегиң мээнетиң ташты жарат
Кем багал адамдын акылы тайкы дейт алардын көңүлүн кимдер карайт
Жетим жесирди кимдер сыйлайт
Өмүргө муктаж эй майыпты кимдер угат
Кимдер сыйлайт
Кимдер угат
Кимден сурайт
Кимге барат
Бапестеп балдарын чоңойткон Ата Эне жылмайып үйүнүн төрүндө отурса дейм
Бой жетип чоңойгон балдарың элине жерине күйүмдүү болушса дейм
Көз жарып жаш кыздар көчөгө ташташат наристесин
Көк ала түшпөгөн өспүрүм көрбөдүм мен
Атасы кылды же өгөйчүлүк
Апасы кылды же өгөйчүлүк
Көбөйдү элимде таш боорчулук
Жаныңды кейиткен зөөкурчулук
Мен да сенин жараның болом
Мен да сенин кулунуң болом
Бөлүнбөгүн элим
Мен да сенин жараның болом
Мен да сенин кулунуң болом
Бөлүнбөгүн элим
Зордуктап кордогон тоногон адамдар күч алат жеримде күндөн күнгө
Акчанын азабы жоготту элимдин адамдык сапатын бул өмүрдө
Мекеним медерим элдердин намысы кайсыл жерде
Адамдын бакыты топтолуп бөксөргөн акчабы же
Тарыхын карытып Кыргызым журчу эле бейпилдикте
Азыркы заманың алдаган колдонгон адамдар кооз сүйлөп жай күлгөн мыкачылар
Эркектен кем калбай ичкилик кумарын адатка айлантып жашоосун сындырган мас аялдар
Канча адам булугуп жашоодон басынып өзүнүн өмүрүн кыйгандар аз эмес билесиң билет баары
Өмүрдөн кымбат эй Кыргызым адамдык сапатың кайда калды
Кээ бири кызынын келечек тагдырын ойлобой көз жашын көл кылып кыйнап эй турмушка бергендер көбөйдү кыргыз элде
Бой жетип чоңойгон эржигит балдарың колдорун көтөрүп Атасын Апасын сабашат ошол да балабы Ата Энеге
Тууганым артыгым сый берчү асылым алыста болсо да жакыным дейсиңби сен
Бир күлүп бир ыйлап бирде бар бирде жок убакыт тараза тууганың душманың болбосун дейм
Биримдик ынтымак мейман дос сый урмат элимде жеримде түбөлүк орнолсун дейм
Мен да сенин жараның болом
Мен да сенин кулунуң болом
Бөлүнбөгүн элим
Мен да сенин жараның болом
Мен да сенин кулунуң болом
Бөлүнбөгүн элим
Бүгүн мен ырдаймын элим үчүн
Бүгүн мен ырдаймын жерим үчүн
Бүгүн мен ырдаймын элим үчүн
Бүгүн мен ырдаймын жерим үчүн
Мен да сенин жараның болом
Мен да сенин кулунуң болом
Бөлүнбөгүн элим
Мен да сенин жараның болом
Мен да сенин кулунуң болом
Бөлүнбөгүн элим

0:00 0:00