Текст песни
Сенин көзүң, жөн көз эмес
Жөн көз мынтип карабайт
Жөн көз болсо көргөн жерден
Неге жүрөк жаралайт
Соо көз болсо көрчү мага
Башкаларча суз карап
Ичимдеги ысык жалын
Ошол замат муздамак
Сенин көзүң, соо көз эмес
Соо көз мынтип карбайт
Кирпиктериң жебе болуп
Бүткөн бойду аралайт