Обложка трека Кырк чач — Qanysh, Nuri
3:13

Qanysh, Nuri Кырк чач

Сингл · 2025

Скачать

Текст песни

Кадыры унутулуп калганбы
Карамалар бурмалап алганбы
Калың журтта көкөлөтүп аййялзатын
Даңазалап баалады баййыртадан

Кыргызым кырк чачын улуктап о
Кызылдай кызын бөпөлөгөн Ала-тоонун
Каралдым кабыргам о кеңешиңен
Кыздарым апаларым о бейишим деп

Оо аял күткөн коломто
Оо аял менен бирге түптөлүп ордо

Алла гана бегим ай берген керегиңе
Алданбагын чегинип ай баалуу беделинен
Аяп алгын аялуу аял деген белегин

Каныкей арстанын хан кылганбы
Курманжан журтуна кам кылганбы
Канчалаган кара мончок көздөр а
Элине, эрине жан сунганбы

Кыргызым кырк чачын улуктап о
Кызылдай кызын бөпөлөгөн Ала-тоонун
Каралдым кабыргам о кеңешиңен сенин деп
Кыздарым апаларым бейишим о менин деп

Оо аял күткөн коломто
Оо аял менен бирге түптөлүп ордо

Алла гана бегим ай берген керегиңе
Алданбагын чегинип ай баалуу беделинен
Аяп алгын аялуу аял деген белегин

0:00 0:00