Перейти к содержимому
Обложка трека Күзгү нөшөр — Guljigit Kalykov
3:13

Трек

Guljigit Kalykov Күзгү нөшөр

Альбом · Сен Дегенде · 2012 · Поп

Скачать

Текст песни

Сапырылган сары жалбырак
Санааларга мени азгырат
Терезеңе келип тигилсем
Үнсүз дарак тиктейт жалдырап
Жаш жүрөгүм мынча кайгырды
Көңүл кушун кимге алдырды
Күзгү нөшөр тынбай төгүлөт
Көздөрүңдөн жааган жамгырбы?
Көздөрүңдөн жааган
Көздөрүңдөн жааган
Көздөрүңдөн жааган жамгырбы?
Теребел да мынча көңүлсүз
Теректер да ойдон бөлүнгүс
Тегерете курчап буюмдар
Термелише тиктейт өзүңсүз
Жаш жүрөгүм мынча кайгырды
Көңүл кушун кимге алдырды
Күзгү нөшөр тынбай төгүлөт
Көздөрүңдөн жааган жамгырбы?
Көздөрүңдөн жааган
Көздөрүңдөн жааган
Көздөрүңдөн жааган жамгырбы?
Болом деген өзүң түбөлүк
Асман дагы бүркөө түнөрүп
Өзүң тургай атың укканда
Жүрөгүмдөн турчу гүл өнүп
Жаш жүрөгүм мынча кайгырды
Көңүл кушун кимге алдырды
Күзгү нөшөр тынбай төгүлөт
Көздөрүңдөн жааган жамгырбы?
Көздөрүңдөн жааган
Көздөрүңдөн жааган
Көздөрүңдөн жааган жамгырбы?
Көздөрүңдөн жааган
Көздөрүңдөн жааган
Көздөрүңдөн жааган, жааган, жааган жамгырбы?

0:00 0:00