Перейти к содержимому
Обложка трека Мен Кыргызмын — Нурлан Насип
3:25

Трек

Нурлан Насип Мен Кыргызмын

Сингл · 2026 · Поп

Скачать

Текст песни

Намыска бекем чептен
Кылымдарды кезген
Ата-бабам бизге
Таберик кылып кеткен

Өркүндөп өсө бергин, Кыргызстан!

Сактаган эли-жерин
Айкөл Манас шерин
Унутпай мурас кылган
Санжыра-санат кебин

Бийикке жете бергин, Кыргызстан!

Мен кыргызмын – дүйнө жүзү тааныган
Мен кыргызмын – карт тарых табылган!
Мээрими көл Ала-Тоолуу элим бар
Мага эң кымбат мекеним баарынан!

Пейили кенен жайнап
Комуз күүсү сайрап
Береке-кутка толгон
Жети дубан аймак!

Шумкардай сабалай бер, Кыргызстан!

Көтөрүп байрагыңды
Бастың канча жылды
Ынтымакта жаша
Гүлдөтүп аймагыңды!

Дайыма алгалай бер, Кыргызстан!

Мен кыргызмын – дүйнө жүзү тааныган
Мен кыргызмын – карт тарыхтан табылган!
Мээрими көл Ала-Тоолуу элим бар
Мага кымбат мекеним баарынан!

0:00 0:00