Текст песни
Айтылбаган туюк арманмын
Өзүмө чын, сага жалганмын
Ал кездеги бир топ үмүттү
Сен билбейсиң чачып алганмын
Сен билбейсиң
Сен билбейсиң
Сен билбейсиң чачып алганмын
Балалыктын экен аягы
Ошондогу сезим баяны
Эми мени көрбөй эле кой
Ал кезим жок азыр баягы
Ал кезим жок
Ал кезим жок
Ал кезим жок азыр баягы
Бекер баарын эске сактайсың
Ал дайрада эми акпайсың
Мезгил алып кеткен баардыгын
Менден эми, мени таппайсың
Менден эми
Менден эми
Менден эми, мени таппайсың