Перейти к содержимому
Обложка трека Кечиккен махабат — Tamga
3:45

Трек

Tamga Кечиккен махабат

Сингл · 2026 · R&B

Скачать

Текст песни

Жазгы күндүн жамгырындай ыйлап жашым басылбай,
Бак түбүндө Айды тиктеп турам жашып азыр да.
Бул азаптар дагы эзип жанды сагына берем,
Кезиккен мага, махабаттан мен кечигип калгам
Тынчтык бербей ойдо жашайт дайым сенин элесиң,
Таңкы желдей зарыктырып балким издеп келесиң.
Тартып келген убайымдар күндө козгоп санаамды,
Бакыт ырын уга албай туйлайм жанчып денемди.
Махабатка таарына албайм, сендик сүйүү баары таза,
Жетпей калсам дагы сага, ишенип кой мага.
Сезим өчпөйт, сени көксөп, түштөрүмдө жолуң тосуп,
Кезеремин, кезигемин сага.
Күзгү алдында көңүл ооруп, муңдуу, тарап чачымды,
Сезесиңби абалымды уйкум качып сагындым.
Бөлүшкөндөй арманымды жылдыз өчүп жанат,
Жараланган канатынан кушка окшоп барам
Азыр башка үй бүлөбүз эки бөлөк тарапта,
Катка жаздым кусалыгым ороп аппак баракка.
Тагдырлашым өмүрдөгү мени сүйгөн, аяган,
Бул катымды жөнөтөмүн эртең жаркып таң атса.
Тагдыр жазса айла канча, жаралбайбыз кайра башка
Жазган катым тумарыңдай, жоготпой сен сакта,
Жанымдагы жарым бөлөк, дагы канча жылдар өтөт,
Сүйө албайм, күтө албайм, аргам барбы башка!

0:00 0:00