Текст песни
Комуздун күүсү менен ойгонушкан
Шумкардай ат үстүндө толгонушкан
Ак мөнгү арча зоолор арасында
Туптунук суудай таза ойлонушкан
Эл жашайт пейли кенин мейманга дос
Бул өлкө менин өлкөм Кыргызстан (Кыргызстан)
Сыймык менен бүгүн ырдаймын
Элин сүйгөн Кыргызстандыкмын
Элин сүйгөн Кыргызстандык
Жерин сүйгөн Кыргызстандык
Элин сүйгөн Кыргызстандыкмын
Кымызды ичкениңде буркураган
Кыргыздын жыты келет кылымдаган
Жап жашыл талаалары токойлору
Тээ алыс аталардын мурас калган
Төгөлүп мөмө жемиш гүл аңкыган
Бул өлкө менин өлкөм Кыргызстан (Кыргызстан)
Сыймык менен бүгүн ырдаймын
Элин сүйгөн Кыргызстандыкмын
Элин сүйгөн Кыргызстандык
Жерин сүйгөн Кыргызстандык
Элин сүйгөн Кыргызстандыкмын
Ак калпагың жарашып Ала-Тоого
Суктандырып көп элди салат ойго
Аргымактай чабылган чоң байгеге
Бүгүн өлкөм эркиндүү кенен жолдо
Жигит кызың таанылсын бүт дүйнөгө
Кыргызымды жараткан өзүң колдо (Кыргызстан)
Сыймык менен бүгүн ырдаймын
Элин сүйгөн Кыргызстандыкмын
Элин сүйгөн Кыргызстандык
Жерин сүйгөн Кыргызстандык
Элин сүйгөн Кыргызстандыкмын
Элин сүйгөн Кыргызстандык
Жерин сүйгөн Кыргызстандык
Элин сүйгөн Кыргызстандыкмын