Текст песни
Унуттуңбу мени а мен эч унута албайм
Сүйөмүн себеби үмүтүмдү үзө албайм
Бир сенден өзүмдү тапкам
Жүрөгүмө каткам бекем себеби сени менен мен бакыт даамын таткам
Түшүндүңбү мени мен сени унута албайм
Сүйөмүн тек сени башкага бериле албайм
Бир сенден өзүмдү тапкам
Жүрөгүмө каткам бекем себеби сени менен мен бакыт даамын таткам
Мен чындап сагындым сени
Арманым айтайын угасыңбы
Бир тыңдап түшүнүп мени
Мурдагыдай көңүлүңдү бурасыңбы
Өзүң деп соккон жүрөгүм барган
Сайын улам улам улам алсырап
Кантейин айтчы мен эми карай берем сүрөттөрүңдү жалдырап
Сен көпөлөктөй учасың түшүмдө мен жетпейм кубалап
Унутуу мүмкүн эмес алгансың дубалап
Өзүнсүз караңгы тунгуюк айлана
Көчөңду көздөй кайра
Сени издеп баратамын таппай
Ойлорум эч уктатпай
Сага деген махабаттын балын татпай
Калгандаймын сезимдерден сабалгандай мен
Билбейм кайда баратканымды
Ушунчалык кыйнадыңго жанымды
Түшүнбөдүң сени сагынганымды
Же бере албадымбы сураганыңды
Айтчы мага эй көңүлүңдө башка жан барбы
Ал сага эй менчелик күйүп жүрө алабы
Жаныңда ал баарына
Даярбы сен үчүн күрөшүүгө өмүрдүн ысык суугунда
Бирок байкасам андайың жоктой
Көздөрүң сагынгандай дале мени октойт
Түшүндүм ошол замат сезилди жомоктой
Сендагы менден кийин эчкимди жолотпой
Эчкимди тоготпой мени күтүпсүң куса болуп сагынычта жүрүпсүң
А мен акмак аны түшүнбөй
бүт баарын эми гана түшүндүм
Колуңду бер кел
Жүрөгүмө коюп тыңшап көрчү
Макул десең сен алыстарга кетеличи жүрүчү
Кайгыңды мени менен бөлүшкүн
Айыктырып аламын сени сүйүктүүм
Мага ишен ишен
Мен да сага ишенем
Унуттуңбу мени а мен эч унута албайм
Сүйөмүн себеби үмүтүмдү үзө албайм
Бир сенден өзүмдү тапкам
Жүрөгүмө каткам бекем себеби сени менен мен бакыт даамын таткам
Түшүндүңбү мени мен сени унута албайм
Сүйөмүн тек сени башкага бериле албайм
Бир сенден өзүмдү тапкам
Жүрөгүмө каткам бекем себеби сени менен мен бакыт даамын таткам