Перейти к содержимому
Обложка трека Жубайым — Нурсултан Самат уулу
3:19

Трек

Нурсултан Самат уулу Жубайым

Скачать

Текст песни

Күйүттү күлкүң өчүрөт
Кетпе - деп көздөр өтүнөт
Жанымда өзүң турганда
Жан дүйнөм неге өкүнөт?

Сен менен тагдыр жылмайат
Сезимге сүйүү ыйгарат
Жубайым болсоң жаркылдап
Жүрөгүм неге ыйламак?

Күттүрбөй бачым барайын
Колуңа шакек тагайын
Жашоомду байлап өзүңө
Жубайым кылып алайын

Тунугу сенсиң мүрөктүн
Сулуусу сенсиң чүрөктүн
Дүйнөмдү көрккө бөлөгөн
Дүрсүлүсү сенсиң жүрөктүн

Өзгөчө карап, бакпаган
Мен үчүн өзүн сактаган
Сүттүн ак, суудай тап тазам
Сен менен дайыма мактанам

0:00 0:00