Текст песни
Мен бир кызды сүйдүм, ал жүрөктө конок
Күтөмүн мен күндө, ал кыздын жолун тороп
Көздөрүн карасам, мага ашыгат
Жылмайып койгону, сезимди ойготуп, сүйүүгө шаштырат
Бул ак сүйүү, биз күтпөгөн окуялар
Шаңдуу жана кайгылуу күндөр, толтура алар
Ашык болгон адамдын жүрөгүндө так калган
Бүлүндүрүп жан дүйнөңдү, арман торуна салган
Сүйдүрүп коюп, акырын койнуңдан чыгып кетип калган
Жашоо өмүрүң кыска же узун
Өткөн кеткенди жаным сен унут
Мени карап кайрадан тоспо жолумду
Сен да, табасын өз бактыңды, жолуңду
Эркиндик бул сага чоң белек, ал мумкунчулук сага дагы коп келет.
Сүйүү келет, кайра дем берет, Мына ошондо болосуң бактылуу, кышында жыпжылуу ,
Сүйүү керек, ал жылмаюу берет, суйуу керек,журокко жылуулук берет
Сүйбөгөнгө сүйкөнүп, өкүнүүгө жетип калган
Тагдыр балким күтүп алат, сыздаткан үчүн сен мени
Жүрөсүң сен ошондо, көрүнгөнгө баш багып
Эми кайда барасың, артка сенин жолуң жок
Багытың таппай сандалып, калдыңбы эми
Таштабаганда сен мени, азыр менин ханышам болмоксун
Ак сүйүүмө сен балкып, мээримине толмоксуң
Адашып сен ардагым, өкүнүч өмүр колдопсуң