Перейти к содержимому
Обложка трека Келем сага — Нурмат Садыров
3:15

Трек

Нурмат Садыров Келем сага

Сингл · 2026 · Поп

Скачать

Текст песни

Күн көздөрүн ушалап ачкан кезде
Таң саламын булбул куш айткан кезде
Жаз жамалы жашылданып аткан кезде
Келем сага

Күн илеби жер бетин ысытканда
Ак мөнгүлөр көз жашын куюлтканда
Жай жамалы жарашыгын уюлтканда
Келем сага

Күн ченемин жер эне сезген кезде
Күжүрмөн иш берекесин берген кезде
Күз жамалы күмүш койнок кийген кезде
Келем сага

Күн эртелеп түнөгүнө жаткан кезде
Бак-дарактар муз шурусун таккан кезде
Кыш жамалы тоолорду жапкан кезде
Келем сага

0:00 0:00