Обложка трека Тагдыр — Баястан, ERA
3:09

Баястан, ERA Тагдыр

Скачать

Текст песни

Өтүп кетти убакыт тез мейли
Дайрадагы кайыктай
Өмүр келип кетсе дагы мейли
Коё албаймын сагынбай
Жарадармын жүрөгүмө кылыч сайгандай
Дале жүрөм жүзүңдү унута албай
Мени куса канча кыйнай берсе дагы
Сени кечип коё албасмын өзгө жандай
Ыза кылып каттарыма жооп бербейсиң сен
Кайып болуп кайда кеттиң кайтып келбестен
Кайра сага чала берем адатымдай
Сени эстеген сайын эми жүрөк сыздайт
Өтүп кетти убакыт тез мейли
Дайрадагы кайыктай
Өмүр келип кетсе дагы мейли
Коё албаймын сагынбай
Сенсиз мен катуу сан ойго баттым
азабын таттып бул махабаттын
Сыртыман жылмайып Сыр бербей жүрөмүн
кайгымды күлкүнүн артынан катып
Сенин мээримиңсиз, сенин карааНыңсыз менин жүрөгүм таштай катты
Бир дагы түнүм бейпил өткөзө элекмин анан кантип сага жазбаймын катты
Элесиң эч кетпей көз алдымдан
убакыт эзди го жайдан жылган
Сагынып күлкүңдү жагымдуу үнүңдү
өзүмдү жемелейм улам-улам
Жалгыздык алсыратып турган кезде
суранамын жарама түздү сеппе
Болсом дагы жарадар кыйналганыма карабай
бир сага деген сагынуу калды менде
Өтүп кетти убакыт тез мейли
Дайрадагы кайыктай
Өмүр келип кетсе дагы мейли
Коё албаймын сагынбай

0:00 0:00