Текст песни
Гүл, күлүп турган гүлүм элең,
Гүл бакчамдын шаңы.
Күн, жарык чачкан күнүм элең,
Качан келесиң жанып үмүтүмдүн ак таңы.
Сен алыстай,
Океанга сүзгөн кайыктай.
Жол табышпай,
Жүрөктүн үнүн укпай.
Кыйналдым жолуң карап,
Жүрөгүм ооруп барат,
Ак сүйүүдөн айыкпай.
Тең, жаныңа тең боло албадым,
Бүтпөгөн арманым.
Мен күйүтүмдү коё албадым,
Жүрөгүмдө эх, жашап келесиң го оу дайым.
Сен алыстай,
Океанга сүзгөн кайыктай.
Жол табышпай,
Жүрөктүн үнүн укпай.
Кыйналдым жолуң карап,
Жүрөгүм ооруп барат,
Ак сүйүүдөн айыкпай.
Сен алыстай,
Океанга сүзгөн кайыктай.
Жол табышпай,
Жүрөктүн үнүн укпай.
Кыйналдым жолуң карап,
Жүрөгүм ооруп барат,
Ак сүйүүдөн айыкпай.