Обложка трека Баткеним — Өктөм Сапар уулу
3:40

Өктөм Сапар уулу Баткеним

Сингл · 2024

Скачать

Текст песни

Тоо болгон кени бар
Ток пейил эли бар
Айгүл тоо тараптан
Атырдай жели бар
Өрүкзар - Мекеним
Баркыңа жетемин
Баткенге келгенде
Бакытты сеземин
Асыл жер бар болгун
Агарган таң болгун
Айылдан куралып
Ак жолтой шаар болдуң
Баатырлар чыгышкан
Акыйкат курушкан
Ата Журт үчүн деп
Өз жанын сунушкан
Баткеним - Баткеним
Өзүң деп ар демим
Кыргызстан башталган
Кемибес бар чебиң
Айгүл гүл ачылса
Арнайсың жаз демин
Бар болгун Баткеним
Шаар, көчөң жаңырып
Шаң күлкү жамынып
Дүйнөнүн бурчунан
Эл келет агылып
Бабалар кураган
Жаңы муун улаган
Өркүндө Баткеним
Суктансын бул аалам

0:00 0:00