Текст песни
Майрам болуп ар күнүң
Унутуп кой баардыгын
Узаса кайра келбейт
Жалын жаштыгың
Жаштык кезде от болуп
Шаңдуу маанай коштолуп
Берилип бийле бүгүн
Өзүң бош коюп
Кел бийле бийлегиле
Келгиле бийлегиле
Эл менен бийлегиле
Эркелеп бийле!
Күндөр учат талпынып
Бизди артка калтырып
Ойно, күл карап турба
Четте тартынып
Колду бийик булгала
Эргип бийле ыргала
Жүрөктө бактылуу күн
Калсын бир гана