Обложка трека Обон — Толгонай Арзыкеева
3:24

Толгонай Арзыкеева Обон

Сингл · 2024

Скачать

Текст песни

Кыялдар болсун тушалган
Кол сунбай койсун бүт адам
Жаркырап күндүн нурундай
Жашаймын эми күч алам
Дем берет аткан жаңы таң
Доорумду күлүп карытам
Кубулжуп чыккан обондой
Кылымдарга күүдөй жаңырам
Дү-рү-дүй Дү-рү-дүй Дү-рү-дүй Дү-рү-дүй
Мезгил учуп барат
Көздөр күйүп жанат
Ар бир күндүн жыргалын сен тат
Кыял кагып канат
Бийиктерди самап
Өмүрүңдүн жыргалын сен тат
Ыр менен бакыт сунайын
Ырыстуу жолум улайын
Зыяным тийбей эч кимге
Заманга пайда кылайын
Жүрөктөн түнөк табайын
Ойлогон оюм жасайын
Эл ичиндеги өчпөгөн
Бар эмгегим менен жашайын
Дү-рү-дүй Дү-рү-дүй Дү-рү-дүй Дү-рү-дүй

0:00 0:00