Перейти к содержимому
Обложка трека Аппак сүйүү — Азамат Салыбаев
3:22

Трек

Азамат Салыбаев Аппак сүйүү

Сингл · 2025 · Поп

Скачать

Текст песни

Бабалардан калган турмуш ыргагы
Бул жашоонун көркү көңүл ачууда
Өмүр шаңы экөөбүзгө тең орток, ай
Сен туш болдуң, жаным, көңүл назына

Сенсиз көрккө келбейт
Жазгы тентек желдей
Жансыз күндөр өттү басып ирмемдей
Билчи, жаным, билчи
Жан дүйнөмө кирчи
Сени күткөн бакыт эшигин ачып киргендей

Бир берилген шаттуу өмүрдө
Кир кетпесин аруу көңүлгө
Бул жашоодо өкүнүүлөр аз болор, ай
Ак куу мисал сүзсөк жаштык көлүндө

Бул өмүрлөр өткөн, өтө да берет
Конок сымал коомай карап турсаң да
Максаттардын сересине умтулуп, ай
Ай жылдызга сермеп колду сунсаң да

Назик көркү гүлдөй
Керемети күндөй
Чоң сүйүүгө жолугууну тилеймин
Өмүр наркы бизден, көңүл наркы бизден
Майда адамдар майда сүйгөндөй майда сүйбөйлү

Чындык ошол жашоо шартында
Эмне жетсин бийик арзууга!
Мен да сага аппак сүйүү берейин, ай
Сен да мага аппак сүйүү тартуула

Мен өзүмдү сага бүтүн берейин, ай,
Сен өзүңдү мага бүтүн тартуула
Сен өзүңдү мага бүтүн тартуула

0:00 0:00