Обложка трека Ыр майрам — Guljigit Kalykov, Бек Исраилов, Айбек Бакытбеков
5:00

Guljigit Kalykov, Бек Исраилов, Айбек Бакытбеков Ыр майрам

Альбом · Күттүм Сени · 2010

Скачать

Текст песни

Талантка элим көңүл бөл
Талапкер жаштын көбүн көр
Талпынып учкан ыр менен
Тазарып турсун көңүлдөр
Ыр майрам - салтанат
Ысык-Көл жар салат
Ысык-Көлүм жар салат
Кутмандуу ырчылар
Кубулжуп турчулар
Керемет көл күтөт
Келгиле курчуңар
Жылдызы жылдын деп
Эл күтөт бул ким деп
Алгандар мөрөйдү
Аталсын булбул деп
Жарышат мукам көп үндөр
Жадымда калсын бул күндөр
Жалындап күйгөн ыр менен
Жашарып алсын өмүрлөр
Ынтымак аркалап
Ысык-Көл жар салат
Ысык-Көлүм жар салат
Кутмандуу ырчылар
Кубулжуп турчулар
Керемет көл күтөт
Келгиле курчуңар
Жылдызы жылдын деп
Эл күтөт бул ким деп
Алгандар мөрөйдү
Аталсын булбул деп
Тымызын көлгө кылчайып
Тыңдасын дүйнө тынч алып
Тосолу таңды ыр менен
Тоолордон бийик үн салып
Ук, дүйнө, кайталап
Ысык-Көл жар салат
Ысык-Көлүм жар салат
Кутмандуу ырчылар
Кубулжуп турчулар
Керемет көл күтөт
Келгиле курчуңар
Жылдызы жылдын деп
Эл күтөт бул ким деп
Алгандар мөрөйдү
Аталсын булбул деп

0:00 0:00