Обложка трека АПА — Mars
3:39

Mars АПА

Сингл · 2026

Скачать

Текст песни

Ыйлагым келет мен өзүңдү сагынганда
Апа сизди алып учам мен алыстарга
Кыйналганда барып жаткым келет жаныңызга
Азаптуу дүйнөдөн алыс кылсын жаным Апа
M’ARS:
Гүлдөр соолусун
Дарак кургасын
Бирок өчпөсүнчү жарык, жылуу манайың
Тогуз айда, уйку көрбөй дагы уланып
Жалгыз эмесмин жанымда бир туугандарым
Мама, мөлтүрөп аккан тоо булагындай
Жүзүн жайат, нур чачат мээримин такыр суратпай
Жарык дүйнө жашоо берип
Таза жол улап ак пейил
Эрк кошулуп кубат кирет
Карыбачы апа деги
Мен отурсам терең ойго чөмүлүп
Эске түшөт ар бир айткан акыл насаат сөздөрүң
Сендей мага күн да жарык эч бир нурун чачалбайт
Ак шейшепке ороп мени түндө тарткан түйшүгүң
Апа эгер күнө кетирсем мени кечир суранамын
Миң жылмайууңду көрсөм өмүр бою кубанамын
Алдыга сапар алдым
Максатыма жеткенге шашып
Буйруса үйгө барамын
Ыйлагым келет мен өзүңдү сагынганда
Апа сизди алып учам мен алыстарга
Кыйналганда барып жаткым келет жаныңызга
Азаптуу дүйнөдөн алыс кылсын жаным Апа
Апа ойум учат
Ар бир күнгө уланып
Караңгы Түнүм доско айланып
Бир балекет душман заманында
Мен да көптүм кумарланып
Максат боюнда адашып барып
Жан -дүйнөм кара чаар
Кара түтүн каптап
Тил албадым тартип сапатына
деги башым айланат
бул азап мени азгырат
Кайра кайрадан жүрөк сыгылат
Мен берилип түшүнө албадым озумдүн кып кызыл козүмдү
Тебелеп тепсеп жоготтум
Кара жүзүмдү
ушул күзгүдөн
Эми мезгил келди өзгөрүүгө
Энеке кечиричи мени
Ууулун бой жетип чонойду
Сага бекем туу болуп
Бир озуно таазим жолдоймун
Жарык берип кичине кезимден
Бөпөлөп чоңойттун
Апаке өмүрүнүз суудай узун болсун туптунук
аска тоосундай
Боломун эми коргочун
Сизди кучактасам да сагынычым кетпейт жойулуп
Биз кыялданган тилектерге
Жетип конулунду жибитемин
Сенин журогун жана умутун
Жалындасын от болуп бийикте
Ыйлагым келет мен өзүңдү сагынганда
Апа сизди алып учам мен алыстарга
Кыйналганда барып жаткым келет жаныңызга
Азаптуу дүйнөдөн алыс кылсын жаным Апа

0:00 0:00