Текст песни
Махабат багындагы
Сайраган булбул элең
Ошол (Ал) бактагы кызыл гүлдөрдөн
Тандаганым сен элең
Сайрайын булбул болуп
Жаныма сен келгенде
Сагынаарсың ырымды угуп
Капа болбо сүйгөн жарыңа
Бара албадым кашыңа (жаныңа)
Бара албадым
Тоё албадым жүзүңө жаным
Карап тоё албадым
Бара албадым кашыңа (жаныңа)
Бара албадым
Тоё албадым жүзүңө жаным
Карап тоё албадым
Термелип (мөлтүрөп) карап турган
Көздөрүңдү сагындым
Сүйдүм сени жаным деген
Сөздөрүңдү сагындым
Кеттиңби көзүңө жаш алып
Артыңа карай албай
Ыйлаба сүйгөнүм ыйлаба
Кечир жаным кечир мени
Бара албадым кашыңа (жаныңа)
Бара албадым
Тоё албадым жүзүңө жаным
Карап тоё албадым
Бара албадым кашыңа (жаныңа)
Бара албадым
Тоё албадым жүзүңө жаным
Карап тоё албадым