Обложка трека Салба убайга — Бакыт Сейитбеков
3:09

Бакыт Сейитбеков Салба убайга

Сингл · 2026

Скачать

Текст песни

Өмүр өтүп бара жатат акылдуум
Сени ойлоп дагы бир таң атырдым
Канча сенден алыстайын десем да
Ошончолук мен өзүңө жакынмын

Алыста деп салба мени убайга
Жолуктур деп суранчымын кудайдан
Капаланбай жүрүшүмдү кааласаң
Бул өмүрдө анда сен да муңайба

Тагдыр бизди сынабайбы, сынайбы
Мени туюп көк асманым ыйлайбы
Сен бар кезде мен көңүлдүү жүрчү элем
Сен кеткени жүрөгүмдө муң-кайгы

Алыста деп салба мени убайга
Жолуктур деп суранчымын кудайдан
Капаланбай жүрүшүмдү кааласаң
Бул өмүрдө анда сен да муңайба

0:00 0:00