Текст песни
Шамалдуу уйгу-туйгу күз түнүндөй
Кыйналам уктай албай чоочун үйдөй
Шуулдап теректери шоокум салат
…Көрүнүп терезеден тоо түнүндөй
Жабыла жалбырактар үн чыгарып
Күйүттүү жаны тынбай күү чыгарып
Качырып уйку кушун шуу-шуу этет
Көңүлдүн шуу-шуу этет тынчын алып
Терегим, шуулдаба, теректерим
Эсиме шуулдасаң келет менин
Өчүңкү өткөн күндүн элестери
Өкүттүү өмүрүмдүн белестери
Шуулдаба, терегим, теректерим
Шуулдасаң ыйлагым келет менин
Шуулдасаң ыйлагым келет менин
Теректерим
Кысылган тоо койнуна кыштагымда
Түзөңдүн там-ташы бар төш жагында а а
Шуулдап миң түп тереек турар эле
Атакем тигип койгон жаш чагында
Бактылуу оо, ал кезде бир баламын
Көпөлөк, оюн-күлкү — уулаганым м м м
Байкабай уктаганыммм калаар элем
Теректин угуп жатып шуулдаганын
Бирге өскөн каргадайдан моюндашыып
Кадыр кеч агам экөөбүз коюндашып
Теректер уктап жатсак, ойготчу элеее
Жел менен желбиртеген шыбырлашыып
Шуулдаба, терегим, теректерим
Шуулдасаң ыйлагым келет менин
Шуулдасаң ыйлагым келет менииин
Теректерим
Бул өмүр өтүп барат зуулдагаан
Зуулдап өтүп барааат, улуу заман
А силер жатасыңаар, кайрандарым
….Туйбастан терек муңун шуулдаган
Кадиксиз болсо дагы бир өлүшүмм
Кай күнү өмүрүммм түгөнүшүн
Капарга албай жүрөөм, кайрандарымм
Терек күүсүн эшитип ..силер үчүнн
Жүрөмүн өлбөчүдөөөйй, кайрандарыммм
Эшитип терек күүсүн силер үчүүн
Шуулдаба, терегим, теректерим
Шуулдасаң ыйлагым келет менин
Шуууу ыйлагым келет менин, теректерим