Текст песни
Кантип кутулам
Күндө келип кыйнаган ойлор санаадан
Жан жок тыңдаган
Сыны кеткен буюм болдум барбы сырдаган
Жыйып эсимди
Айтайын кебимди
Кол шилтеп эрте
Чыгарба чечимди
Мага таштасаң кадам
А мен сага жүгүрүп барам
Жашап жатканда араң
Жарык берип турчу садагам
Үзүлсө да кол
Эмнегедир жетелейт сага барчу жол
Чырмаса да тор
Чыгууга мен чыйраламын мага сунсаң кол
Жыйып эсимди
Айтайын кебимди
Кол шилтеп эрте
Чыгарба чечимди
Мага таштасаң кадам
А мен сага жүгүрүп барам
Жашап жатканда араң
Жарык берип турчу садагам