Текст песни
Сага арнап гүлдөрдү терем
Бир өзүңө сезимим терең
Эми түбөлүккө сен
Болдуң жүрөгүмө тең
Сага арнап гүлдөрдү терем
Бир өзүңө сезимим терең
Эми түбөлүккө сен
Болдуң жүрөгүмө тең
Ар күн сайын мен үчүн төгүп турсаң мээримиң
Ар убакта бек сактап чын сүйүү сезимин
Бирге болсок эле сөзсүз болот ийгилик
Бизге дагы багынат кол жетпеген бийиктик
Сен менин жалгыз мага ишенген адамым
Калган өмүрүм баарын бир сага арнаймын
Жүрөгүмдө, дилимде, эсимдесиң ардайым
Эч качан башкага сени алмаштырбаймын
Кара карагаттай көздөрүң
Мага катуу жаккан мүнөзүң
Мени арбап алды сүйгөнүм, сүйгөнүм
Сага арнап гүлдөрдү терем
Бир өзүңө сезимим терең
Эми түбөлүккө сен
Болдуң жүрөгүмө тең
Сага арнап гүлдөрдү терем
Бир өзүңө сезимим терең
Эми түбөлүккө сен
Болдуң жүрөгүмө тең жаным
Сен оюумдасың дайым бассам дагы эй, турсам дагы эй
Обондасың ыр жазсам дагы эй
Бир гана сени таза тунук махабатым дейм
Сен үчүн күрөшөмүн сыноолордон жеңилбей
Болсоң жанымда чексиз кубанамын
Болсоң алыста күтө берип убарамын
Катуу айтып таарынтсам билесиң го жаным
Үйүңдүн алдына миңдеген гүл терип барамын
Кара карагаттай көздөрүң
Мага катуу жаккан мүнөзүң
Мени арбап алды сүйгөнүм, сүйгөнүм
Сага арнап гүлдөрдү терем
Бир өзүңө сезимим терең
Эми түбөлүккө сен
Болдуң жүрөгүмө тең
Сага арнап гүлдөрдү терем
Бир өзүңө сезимим терең
Эми түбөлүккө сен
Болдуң жүрөгүмө тең жаным