Текст песни
Унтушпай самашабыз
Улансын тамашабыз
Урматтап сыйлашалы
Улгайып баратабыз
Өмүр - бул бир келген көктөм
Ыр сунуп ырдашалы
Өмүр - бул бир келген бакыт
Өз ара сыйлашалы
Каткырып жазашабыз
Кана элек тамашабыз
Кадырлап сыйлашалы
Картайып баратабыз
Өмүр - бул бир келген көктөм
Ыр сунуп ырдашалы
Өмүр - бул бир келген бакыт
Өз ара сыйлашалы
Үй бүлө эсен болсун
Урпактар чечен болсун
Дем болуп тең жашайлы
Ден соолук бекем болсун
Өмүр - бул бир келген көктөм
Ыр сунуп ырдашалы
Өмүр - бул бир келген бакыт
Өз ара сыйлашалы