Текст песни
Карындашым, бил жашоодо болот ылдый-өйдө
Бир күнү таппай каламбы сени бөлмөңдөн
Канчалык оор болбосун, тагдырга моюн сунабыз
Сени турмушка узатабыз үйүбүздөн
Айтканың эсимде
Кичинекей кезиңде
Качан мен чоңоём?
Сулууланам, боёном
Шашпа, ага да убакыт келет
Бар, бара кой, акылдуу кыздар апасына жардам берет
Сени менен сыймыктанам
Дайым сурайсың: Эмне менен тамактанам?
Кайгырчуумун айтсаң үйгө кеч барам
Мага сендей жакын боло албайт
Бул ааламда эч бир адам
Менин карындашым
Акпасын көз жашың
Мейли ыйла, бирок сүйүнүчтөн
Ар дайым жүрөктөсүң
Эстебей күн өтпөсүн
Жазып, кабар алып тур биз — үй-бүлөңдөн
Менин карындашым
Акпасынчы жашың
Жан дүйнөмдөсүң
Эсимдесиң, дайым жүрөгүмдөсүң сен
Менин карындашым
Акпасынчы жашың
Жан дүйнөмдөсүң
Эсимдесиң, дайым жүрөгүмдөсүң
Сен каалаган нерсеңе жетесиң
Билем, келечекте мыкты энесиң
Терең ишенесиң, ар бир адамдын
Жакшы жагын гана көрүп
Атам-апамды сүйүнттүң
Үч баладан кийин төрөлүп
Сүйүүм сага түбөлүк - бул өзгөчө байланыш
Сырдашың болуп, кубаныч- болом таяныч
Керек болсом, чал түн болсо дагы барамын
Кандай болсо да, агаңмын
Менин карындашым
Акпасын көз жашың
Мейли ыйла, бирок сүйүнүчтөн
Ар дайым жүрөктөсүң
Эстебей күн өтпөсүн
Жазып, кабар алып тур биз — үй-бүлөңдөн
Карындашым
Акпасынчы жашың
Жан дүйнөмдөсүң
Эсимдесиң, дайым жүрөгүмдөсүң сен
Менин карындашым
Акпасынчы жашың
Жан дүйнөмдөсүң
Эсимдесиң, дайым жүрөгүмдөсүң сен
Менин карындашым
Акпасынчы жашың
Жан дүйнөмдөсүң
Эсимдесиң, дайым жүрөгүмдөсүң сен
Менин карындашым
Акпасынчы жашың
Жан дүйнөмдөсүң
Эсимдесиң, дайым жүрөгүмдөсүң сен
Жүрөгүмдөсүң, жүрөгүмдөсүң сен