Обложка трека Көздөрүң — Самат Долотбаков
3:26

Самат Долотбаков Көздөрүң

Альбом · Songs 2 Dance · 2023

Скачать

Текст песни

Ал күнү сенин
Добушуң болчу дилдирек
Сүйүүдөн бекен
Сүрдөдүң бекен, ким билет?
Арзыдым десем
Албырып жүзүң от болуп.
Асман да, ай да
Аярлай калган токтолуп

Жалжылдап жайнап, жалт карап
Жалт карап алган көздөрүң
Жаныма жакын, жагымдуу болчу
Сөздөрүң, сөздөрүң
Санаага салбай, сагынбай
Сагынбай такыр башканы
Сагындым сени, сагынтты мени
Жаз дагы, жаз дагы

Сүйөмүн дедим
Жүзүңдөн сүйдүм акырын
Жүрөгүм туйлап
Сүрдөдүм мен да, асылым
Сыдырым желге
Саамайың учуп сеңселет
Көздөрүң мага
Сүйүүсүн айтат, эркелейт

0:00 0:00