Текст песни
Бозоруп асман бүркөп
Булуттар көңүл басса
Жүрөгүм эч бүркөлбөйт
Күнгө көңүл бурбасам
Кемчонтой жолум тороп
Кемсинтип көңүл бузса
Жүрөк убакыт бөлбөйт
Башка сонундар турса
Анда мындай кылабыз, болбосо тигиндейи
Бир жолун да табабыз, түңүлбө кенедей
Анда мындай кылабыз, калганы жабык болсо
Алдыга так жылабыз, артыбыз тарып тоссо
Ойлорум баш аламан, бирок кайгыргым келбей
Качан дем алыш күн деп, жети күн шаршембидей
Мына бүтөт мына деп жашоодо ар маселе
Алышып өтүп кетпе, ойлонтуп ар кайсыле
Анда мындай кылабыз, болбосо тигиндейи
Бир жолун да табабыз, түңүлбө кенедей
Анда мындай кылабыз, калганы жабык болсо
Алдыга так жылабыз, артыбыз тарып тоссо