Обложка трека Татынам — Толсунбек Сулайманов
4:11

Толсунбек Сулайманов Татынам

Сингл · 2026

Скачать

Текст песни

Тагдырымды байлап сага татынам
Көрбөй калсам мен өзүңдү сагынам
Көркүң сенин көөдөнүмдү эргитип
Ак сүйүүмдү билдире албай тартынам
Баркыңа жетсем деймин
Бактылуу болсом деймин
Сен менен татынам
Кайгырсаң кубантайын
Кастарлап сени дайым
Жүрөйүн жакшынам
Өмүрүмдү арнап сага татынам
Өтсөм деймин өзүң менен жакшынам
Сулуулугуң жүрөгүмдү эргитип
Махабатым билдире албай тартынам
Кадырың билсем деймин
Кайгыртпай жүрсөм деймин
Өзүңдү татынам
Кайгырсаң кубантайын
Кастарлап сени дайым
Жүрөйүн жакшынам
Баркыңа жетсем деймин
Бактылуу болсом деймин
Сен менен татынам
Кайгырсаң кубантайын
Кастарлап сени дайым
Жүрөйүн жакшынам
Кадырың билсем деймин
Кайгыртпай жүрсөм деймин
Өзүңдү татынам
Кайгырсаң кубантайын
Кастарлап сени дайым
Жүрөйүн жакшынам

0:00 0:00