Обложка трека Кызым — Самара Сабирова
3:25

Самара Сабирова Кызым

Сингл · 2025

Скачать

Текст песни

Ай чырайлуу аппак кызым, ардагым
Артта калды, эркелечүү жаш чагың
Көңүл бөлбөй, кээ бир майда нерсеге
Терең ойлоп, анан кадам таштагын
Жаным кызым
Баарым кызым
Ачылсын сенин, багың кызым
Жаным кызым
Баарың кызым
Аппак атсың таңың кызым
Келин болуп, барган куттуу жериңде
Конушуңдун каада салтын сактагын
Ыйык нике улуулугун бек тутуп
Өз жарыңды сыйла, жаман айтпагын
Жаным кызым
Баарым кызым
Ачылсын сенин, багың кызым
Жаным кызым
Баарың кызым
Аппак атсың таңың кызым
Кабак кашың эч калбасын түнөрүп
Сүйүүңөргө калсын аппак гүл өнүп
Кемегеңде күйгөн отуң ар убак
Өчпөй жансын, алоолонуп түбөлүк
Жаным кызым
Баарым кызым
Ачылсын сенин, багың кызым
Жаным кызым
Баарың кызым
Аппак атсың таңың кызым
Жаным кызым
Баарым кызым
Ачылсын сенин, багың кызым
Жаным кызым
Баарың кызым
Аппак атсың таңың кызым
Аппак атсың таңың кызым

0:00 0:00