Обложка трека Атакем — Самара Сабирова
3:44

Самара Сабирова Атакем

Сингл · 2025

Скачать

Текст песни

Эмгектендиң, көрдүң турмуш татаалын
Мен көп уктум, жакшы жагын Атамын
Апам менен өмүр бою бирге бол
Суранамын Ата көп жыл жашагын
Өзүң барда беделдүүмүн, бийикмин
Өрттөй болуп нуруң чачат тийип миң
Сен бар учун, үнүм жетет алыска
Бүт жаңыртып туу чокусун бийиктин
Атам аскам, зоодой бийик өмүрдө
Апам мээрман жүрөгүмдө, өзүмдө
Бирге болуп, кудай берген жашоодо
Чалкыгыла бар бакыттын төрүндө
Өзүң барда беделдүүмүн, бийикмин
Өрттөй болуп нуруң чачат тийип миң
Сен бар учун, үнүм жетет алыска
Бүт жаңыртып туу чокусун бийиктин
Өзүң барда беделдүүмүн, бийикмин
Өрттөй болуп нуруң чачат тийип миң
Сен бар учун, үнүм жетет алыска
Бүт жаңыртып туу чокусун бийиктин
Өзүң барда мактанамын, барктанам
Көөдөнүмөн нурлар чачып жайкалам
Эркелетип эзилгенде атакем
Ого бетер толкун сымал чайкалам

0:00 0:00