Текст песни
Жашого жарык шам жандырган
Жылуулук берген муздатпай
Жылмайып дайым кубандырган
Апакебай тазалыгың булактай
Элесин кетпейт көз алдымдан
Сагынамын алыстасам
Жаңылбайм билем тагдырымдан
Жалгыз сага кызматымды арнасам
(а-а а-а)
Аралыгы узап өтсө дагы ай жылдардын
(Ай жылдардын а-а-а)
Суранамын мени ыйлап сагынба
Апакебай алтыным суранам кайгырбагын
(Кайгырбагын а-а-а)
Көңүлүм дайыма сенин жаныңда
Чырактай көздөр жана берсин
Мезгилиң шашып учса да
(а-а-а-а)
Жаш бойдон жүрөк кала берсин
Карылык жолуңда күтүп турса да
(а-а-а-а)
Аралыгы узап өтсө дагы ай жылдардын
(Ай жылдардын а-а-а)
Суранамын мени ыйлап сагынба
Апакебай алтыным суранам кайгырбагын
(Кайгырбагын а-а-а)
Көңүлүм дайыма сенин жаныңда
Кайгы капага мен үчүн багынба
(Кайгы капага мен үчүн)
Мен деп кусаланба
Жаныңдамын сагынба
(Сагынба у-у-у)
Аралыгы узап өтсө дагы ай жылдардын
(Ай жылдардын а-а-а)
Суранамын мени ыйлап сагынба
Апакебай алтыным суранам кайгырбагын
(Кайгырбагын а-а-а)
Көңүлүм дайыма сенин жаныңда
(а-а-а-у)
Аралыгы узап өтсө дагы ай жылдардын
Суранамын мени ыйлап сагынба (о-о-о)
Апакебай алтыным суранам кайгырбагын
Көңүлүм дайыма сенин жаныңда (о-о-о)