Перейти к содержимому
Обложка трека Кайырдил — Jeedesh
5:08

Трек

Jeedesh Кайырдил

Альбом · Сен · 2014 · Поп

Скачать

Текст песни

Алып учуп жаным ашыккан
Ажайыпты тапчудай чет элден
Адашканым сездим бакыттан
Алыстап мен кеткени мекенден
Он бөлүп ойду бекерден эстебедим
Чакырган үнүң угам сенин
Асылдан буткөн тууган жерим

Башка жерден таптым эмнени?
Кусалыктан жаралган ырларбы?
Бала кезде кутман элдеги
Куштай сызып баргандай жол барбы?
Кайырсыз өткөн жылдарды
Кайрый албай
Сапырган ойлор бурганактап
Сагыныч кайдан ырга батмак?

Кагылат журөк, канаттай куулөп алайын
Шамалдай күлүк кыялды минип барайын
Чырагың болуп жанайын сага
Тууган жерим
Алданбай жазга өзгө жерге
Аязды тосом өз мекенде

Жоготподум эне тилимди
Булбулуңа кошулуп сайрайын
Мөл булакка чайып дилимди
Булут баскан капаны айдайын
Тагдырым сага байлайын тосуп алгын
Учурган алыс уям менин
Турпагы алтын тууган жерим

Кагылат журөк, канаттай куулөп алайын
Шамалдай күлүк кыялды минип барайын
Чырагың болуп жанайын сага
Тууган жерим
Алданбай жазга өзгө жерге
Аязды тосом өз мекенде

А-а-а-а-а-а
А-а-а а-а-а а-а-а
А-а-а-а-а-а
А-а-а а-а-а а-а-а

Кагылат журөк,канаттай куулөп алайын
Шамалдай күлүк кыялды минип барайын
Чырагың болуп жанайын сага
Тууган жерим
Алданбай жазга өзгө жерге
Аязды тосом өз мекенде

0:00 0:00