Перейти к содержимому
Обложка трека Кыштак четинде — Jeedesh
2:34

Трек

Jeedesh Кыштак четинде

Сингл · 2026 · Фолк

Скачать

Текст песни

Көрктөнүп чакан аймагы
Талаасы кийген сайманы
Токчулук жыттуу айлымдын
Түгөнгүс эмгек каймагы
Жароокер тоолук бозойдун
Жолунан тостум, жолунан тостум
алдынан тостум жайдары

Курбуга курбу кымбат да
Кубаныч кошуп сырдашса
Сыр түйүнүн чечип отуруп
Сезбепбиз эбак күн батса
Жыргалы белем сезимдин
Жылдыздар көзүн, жигиттер көзүн
бозойлор көзүн ымдашса

Түбөлүк кеткис эсимден
Түн бакыр кыштак четинен
Жаңыдан чыккан ай нуру
Шыкалайт бизди секиден
Аңдыса деле алтын ай
Антыбыз небак, шертибиз небак,
убада небак бекиген

0:00 0:00