Обложка трека Кыялыма — Dastan
2:47

Dastan Кыялыма

Сингл · 2025

Скачать

Текст песни

Мени катуураак кучактап
Сен мага берчи күч-кубат
Жылуу жууркандай сенин жылмаюуң
Сенин жаныңда менин жаным учат

Кыялыма жетемби? Качан? Бүгүнбү же эртеңби
Далай жөө жүрдүм! Мен төөгө деги минемби
Ийгилик - кымбатпы, бекерби
Негизги себеп - кокустукпу, аракетпи
Алым кетти жоопторду издеп
Эгер билип тапсам сөзсүз жазам китепти
Азырынча жүрөм эптеп-септеп
Турмушка бизди даярдабайт экен мектеп
Бирок, жаш кездер сонун сонун
Ойум талаада балага оюн күнү бою
Апам үйгө кел дейт, досторум коё бербейт
Кыздар менен кармашканда алакандар тердейт
Бирде башкарат сезимдер
Ойлор менен бирге келбей
Убакыт бат учуп мынча эмне үчүн
Максатыма жеткенге толо элек күчүм
Кээде ички дүйнө кедей
Кээде акча бар кенедей
Артым караганымда - башка келечек элесте. Болчу дүйнө алаканымда

Мени катуураак кучактап
Сен мага берчи күч-кубат
Жылуу жууркандай сенин жылмаюуң
Сенин жаныңда менин жаным учат

Качан келет жаз мезгили, жылуу кез сездирип
Берет жашоого бир себеп, терең ой-пикирлер сергеп
Жагам деп силерге, нак тилек экинчи ирет болуп
Унутулуп эми кез-кез ойго кирет
“Олуттуу бол, ойлон терен, балам
Келечегинди” - дечү ата-эне мага
Укпадымбы? Кулак керең
Же ойумда болчу убакыт кенен
Ишим жасайм эртең! Дагы, дагы
Баса, келечегим кең алдыдагы
Өзүмө бут тосуп, жалкоолук болуп досум
Акырындан үзүп аттым үмүтүмдүн боосун
Баш оору күнү-түнү
Кебетемчи - жүдөгөн адам түрү
Жалданма ишкер сегизден бешке
Жогору жыл сайын бир тепкичке
Таалайымдын маңдайына эмне жазылган
Карапайым төрөлүп, карапайым каламбы
Мен акырын оңдоймун тагдырым
Акыры, акыры, акыркы каткырып

Мени катуураак кучактап
Сен мага берчи күч-кубат
Жылуу жууркандай сенин жылмаюуң
Сенин жаныңда менин жаным учат

0:00 0:00