Текст песни
Көрүп калдым көчөдөн
Тааныштык биз капыстан
Тартып алдың мени өзүңө бейтааныш
Сени өзүңө тандадым
Бирок айта албадым
Башкалардан өзгөчөсүн бейтааныш
Жактырып мен ашык болдум өзүңө
Бир жылмайып карап койчу көзүмө
Жашырбаймын сага болгон сүйүүмдү
Башкалардан кызганамын өзүңдү
Ак жүзүңө суктанам
Сени көрсөм кубанам
Гүлдөн сулуу гүлүм болчу бейтааныш
Айга күнгө теңедим
Сендейди мен көрбөдүм
Аялзаттын асылысын бейтааныш
Көрбөй калсам көздөрүңдү сагынамын
Жолукканда сөз айтуудан тартынамын
Асмандагы ак-куу сымал элестетип
Айтар сөздү ошол замат унутамын