Текст песни
Ал күндү эстесем мен
Көзүндөн жашым агып
Башканын колун кармап
Бараттың бак аралап
Күйдүрүп жалындатып
Жүрөктү жараладың
Сүйбөсөң өзүң мени
Сүйөм деп неге алдадың?
Аралап ошол бакты
Ээрчишип жүрчү элек
Курулай сөзүң экен
Ошондо айткан кебиң
Курулай сөзүң экен
Ошондо айткан кебиң
Түшүндүм эми баарын
Сен мени сүйө албадың
Айтаарым бактылуу бол
Мен эми башка адаммын
Мен эми башка адаммын
Менчелик сүйүп турсун
Бактыңа буюрганың
А бирок мендик сүйүү
Түбөлүк эсте калсын
Сагынып калганымда
Ооруксуйм тартып санаа
Дидарың тумар сымал
Дартыма болот дабаа
Сүрөтүң көргөн сайын
Жүрөктө козгойт жарам
Жашоого билсең азыр
Өзүңсүз көнүп барам
Жашоого билсең азыр
Өзүңсүз көнүп барам
Мен сени сүйгөнчөлүк
Сүйө албайт билсең жарың
Мени эми сүйбө мейли
А бирок унутпагын
А бирок унутпагын
Түшүндүм эми баарын
Сен мени сүйө албадың
Айтаарым бактылуу бол
Мен эми башка адаммын
Мен эми башка адаммын
Комментировать