Обложка трека Кыргыздар — Созул Казиева
3:01

Созул Казиева Кыргыздар

Сингл · 2024

Скачать

Текст песни

Кыргыздар жайдарланып ачык келет
Конокко коюн союп, нанын берет
Ак пейил шайдоот элдин мүнөздөрүн
Ар дайым даңазалап айткым келет
Ак пейил шайдоот элдин мүнөздөрүн
Ар дайым даңазалап айткым келет
Кыргыздар тоодо туулуп, жоодо өскөн
Кайраты бүркүткө окшоп алгыр кенен
Баарынан пейли кенен Ысык-Көлдөй
Жигити айкөл келет, намыс бербей
Баарынан пейли кенен Ысык-Көлдөй
Жигити айкөл келет, намыс бербей
Кыргыздар сөзгө чебер чечен келет
Комузга үнүн кошуп ырдай билет
Жайнаган тоо гүлүндөй кызыл-тазыл
Кыздары шайыр келет, сүйкүм келет
Жайнаган тоо гүлүндөй кызыл-тазыл
Кыздары шайыр келет, сүйкүм келет
Баарынан пейли кенен Ысык-Көлдөй
Жигити айкөл келет, намыс бербей

0:00 0:00