Обложка трека Сенин ырың — Эркай Бактыбек кызы
2:49

Эркай Бактыбек кызы Сенин ырың

Сингл · 2025

Скачать

Текст песни

Адам издейт өмүрүнө күйгөн жар
А мен сага сактап жүргөн дүйнөм бар
Жүрөгүмө жолду таптын катылган
Эшик ачык кирсен болот сүйгөн жан

Көңүлүмдө жанды жарык чырактар
Көк асманга жеткен өңдү кулачтар
Ай жылдарга мезгилдерге мертинбес
Сүйүшкөндөр бир болуучу убак бар
Сүйүшкөндөр бир болуучу убак бар

Аппак жүзүң ай жүзүм деп сүрөттөп
Айткым келбейт ай жылдызга теңеп көп
Кызганамын башкалар да оюнда
Конок кылып албасын деп элестеп

Ооба эркем, эл деп жер деп ыр жазам
А сен күлүп айланамды нурдасаң
Мага арнаган ырың кана дебегин?
Сенин ырың жүрөгүмдө тыңшасаң

Жалгыз өзүң уга аласың ал ырды
Жалгыз гана жан дүйнөмдү тыңдасаң

Көңүлүмдө жанды жарык чырактар
Көк асманга жеткен өңдү кулачтар
Ай жылдарга мезгилдерге мертинбес
Сүйүшкөндөр бир болуучу убак бар
Сүйүшкөндөр бир болуучу убак бар

0:00 0:00