Перейти к содержимому
Обложка трека Мен кыргызмын — Гульнара Тойгонбаева
3:31

Трек

Гульнара Тойгонбаева Мен кыргызмын

Сингл · 2023 · Поп

Скачать

Текст песни

Керилген бир керме тоодон керегеси
Көпкөк асман – түндүгү да, терезеси
Жабуулары, үзүктөрү ак – булуттан
Жерим менин, ак – боз үйдөй керемети
Кайсы жерден болосуң? - деп сураба
Кандай элден экенимди сынаба
Мен айтпаймын бийиктеги жылдызмын деп
Мен жөн эле, мен жөн эле, мен жөн эле
Жашап келем кыргызмын деп
Чалкып жаткан ай- асмандан кең көрүнөм
Шаңшып учкан ак – шумкарга тең көрүнөм
Ал анткени турпагына бутум тийип
Ата – Мекен, сенде жашап, сенде жүрөм!
Кайсы жерден болосуң? - деп сураба
Кандай элден экенимди сынаба
Мен айтпаймын бийиктеги жылдызмын деп
Мен жөн эле, мен жөн эле, мен жөн эле
Жашап келем кыргызмын деп
Кайсы жерден болосуң? - деп сураба
Кандай элден экенимди сынаба
Мен айтпаймын бийиктеги жылдызмын деп
Мен жөн эле, мен жөн эле
Кайсы жерден болосуң? - деп сураба
Кандай элден экенимди сынаба
Мен айтпаймын бийиктеги жылдызмын деп
Мен жөн эле, мен жөн эле, мен жөн эле
Жашап келем кыргызмын деп
Мен жөн эле жашап келем кыргызмын деп
Кыргызмын деп

0:00 0:00