Текст песни
Жүрөгүм жаз болгусу келип турат
Жүрөгүм жазгы кардай ээрип турат
Сага мен жазга айланып баргым келет
Жол бербей жалгыз жагдай жеңип турат
Мен, сага жазга айланып баргым келет
Жаныңда жаздай жайнап калгым келет
Чачылган сенин күндөй нуруң менен
Кырдагы кызгалдактай
Кырдагы кызгалдактай жангым келет
Жүрөгүм жаз болгусу келип турат
Көңүлүм сени көздөй эргип турат
Ачылган сезимдеги аппак гүлүн
Жаз күнү үлпүлдөтүп желпип турат
Мен, сага жазга айланып баргым келет
Жаныңда жаздай жайнап калгым келет
Чачылган сенин күндөй нуруң менен
Кырдагы кызгалдактай
Кырдагы кызгалдактай жангым келет
Жүрөгүм жаз болгусу келип турат
Бир өксүү көңүлүмдү эзип турат
Сен менен жазга айланып кетээр белем
Эркимди турмуш бийлеп жеңип турат
Мен, сага жазга айланып баргым келет
Жаныңда жаздай жайнап калгым келет
Чачылган сенин күндөй нуруң менен
Кырдагы кызгалдактай
Кырдагы кызгалдактай жангым келет
Мен, сага жазга айланып баргым келет
Жаныңда жаздай жайнап калгым келет
Чачылган сенин күндөй нуруң менен
Кырдагы кызгалдактай
Кырдагы кызгалдактай жангым келет
Кырдагы кызгалдактай
Жангым келет
Мен, сага жазга айланып баргым келет
Жаныңда жаздай жайнап калгым келет
Чачылган сенин күндөй нуруң менен
Кырдагы кызгалдактай
Кырдагы кызгалдактай жангым келет