Перейти к содержимому
Обложка трека Бардыгым сенсин — Нурак Өмүрбеков
3:43

Трек

Нурак Өмүрбеков Бардыгым сенсин

Сингл · 2024 · Поп

Скачать

Текст песни

Жанымай менин жарыгым менин
Жазылып бүтпөс жаңы ырым менин
Жаркылдап турган кабагың болсо
Жароокер жаным ал сенин демиң
Жанымдын жармы жүрөгүм менин
Жагымдуу жайлуу түнөгүм менин
Жаркылдап дайым жанымда турсаң
Жабыгат кантип гүлөңүм менин
Жаркылдап дайым жанымда турсаң
Жабыгат кантип гүлөңүм менин
Арка бел тутаар аскарым менин
Араңдан жүрүп тапканым менин
Ааламга батпай ачылып турсам
Ал дагы болсо айдыңың сенин
Садагам менин сапсарым менин
Сары май сымал катканым менин
Сыбызгы добуш сырдуу үн уксаң
Сүйгөнүм ырдап жатканы дегин
Сыбызгы добуш сырдуу үн уксаң
Сүйгөнүм ырдап жатканы дегин
Алладан күткөн жардыгым менин
Атагым улаар айдыңым менин
Бүтө албайм санап баардыгын сага
Бардыгым сенсиң бардыгым менин
Жанымдын жармы жүрөгүм менин
Жагымдуу жайлуу түнөгүм менин
Жаркылдап дайым жанымда турсаң
Жабыгат кантип гүлөңүм менин
Жаркылдап дайым жанымда турсаң
Жабыгат кантип гүлөңүм менин
Садагам менин сапсарым менин
Сары май сымал катканым менин
Сыбызгы добуш сырдуу үн уксаң
Сүйгөнүм ырдап жатканы дегин
Сыбызгы добуш сырдуу үн уксаң
Сүйгөнүм ырдап жатканы дегин

0:00 0:00