Перейти к содержимому
Обложка трека Көп сагынба апаке — Nur Cholpon
4:27

Трек

Nur Cholpon Көп сагынба апаке

Альбом · Кыргыз Классикасы · 2025 · Поп

Скачать

Текст песни

Көп сагынба апа мени сагынба
Сагынуу көп чачтарыңдын агында
Мени багып мээни тырмап ойлонуп
Кеткен жашың жылдар нары жагында

Апакем апакем ай
Ойго түшөр ого бетер сагынтар
Жазда булбул сайрап калса багында

Көп сагынба апа мени сагынба
Кусаң турат көзүндөгү жалында
Кайда барсам эркелете караган
Карегиң бар жылдыздардын жанында

Апакем апакем ай
Эске түшөр кумурсканы көргөндө
Жүргөн кезиң сен да бала камында

Көп сагынба колдо каруу барында
Билесиңби кызың кандай арында
Санаа күлүк сагынууга багына
Окту эритер намысың да арыңда

Апакем апакем ай
Бирок бүтпөйт сагынуу да күтү да
Мээнет эккен тоголок жер шарында

0:00 0:00